Он башы — аскердик титул; он адамдан турган аскер бөлүгүн башкарган киши. Эпосто: «Он кишиге бир киши, Он башы коюп кетиптир» (Сагымбай Орозбаков , 4. 124), — деп сүрөттөлгөн. «Он башысы ороктоп» деген саптар эпосто жыш жолугат. Аскердик тартипти чыңдоодо чоң мааниге ээ жана жоопкерчиликтүү болгондугу эпостогу Тазбаймат он башы болуп, ондун бири катары анан карамагына калктын катары менен Манас өзү киргени жөнүндөгү окуядан ачык көрүнөт.

Колдонулган адабият түзөтүү

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4