Оодарыш, эңиш – улуттук ат спорту; ат үстүндөгү мелдештин бир түрү. Оодарыш 1958-жылдан бүткүл союздук ат спорту мелдешинин программасына кирген. Оодарыш көчмөн турмушта жашап, малчылык менен кесиптенишкен элдерде, анын ичинде кыргыздарда кеңири тараган. Мелдештин максаты – эки балбан бири-бирин ат үстүнөн оодарып, тартып же түртүп жерге түшүрүү. Мелдешке күчтүү, ден соолугу чың 19 жаштан жогору жигиттер катышат. Ат элпек башкарылуучу, күчтүү болушу абзел. Ар бир кармашуу 10 минга созулуп, ортодо 1 мин тыныгуу болот. Оодарыш диаметри 45 мден кем болбогон тегиз аянтчада өткөрүлөт. Балбандар 5 салмак боюнча катышат: 50 кгга чейин – эң жеңил салмак, 60 кгга чейин – жеңил салмак, 70 кгга чейин – орто салмак, 80 кгга чейин – орто оор салмак, 80 кгдан жогору – оор салмак. Мелдешке балбан калың шым, өтүк кийип, жоолук, кур байланып түшөт. Катышуучулардын бирөөсүнүн кийиминде, ат жабдыктарында кемчилик байкалса, кармашуу токтотулуп, аны тартипке келтирүүгө 5 мин убакыт берилет. Оодарышта жеңиштин эки түрү бар: аттан оодарып түшүрсө (атаандашынын денесинин кайсы гана мүчөсү болбосун жерге тийген учурда оодарылып түштү деп эсептелет) – таза жеңиш; кармашууда артыкчылык кылса – упай боюнча жеңишаары Упай саны бирдей болгондо кармашуу тең чыгат. Оодарышта спорттук 3 разряд белгиленген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү