Опалиналар (лат. Opalina) — мите жөнөкөйлөрдүн шапалактуулар классындагы уруусу.

  • Чоңдугу 1 ммге чейин, формасы жалбырак сымал, денеси кирпикчелер менен капталган. Көп ядролуу цитоплазмасы эндоплаз­ма жанa эктоплазмага бөлүнөт. Оозу жок, жемин денеси менен сиңирет. Жы­ныс жанa жыныссыз жол менен көбөйөт.
  • Опалиналардын бир нече түрү белгилүү.
  • Алар жерде-сууда жашоочулардын, кээде балык жанa сойлоочулардын ичегисинде жашайт. Опалиналардын жыныс процесси жазында көнөк баштын ичегисинде өтөт.
  • Көлмөгө бакадан түшкөн цисталарды көнөк баш азык заттар менен жутат да, анын ичегисинде майда Опалиналар чыгат. Майда Опалиналардын бөлүнүүсүнөн бир ядролуу гамета пайда бо­лот да, алардын уруктануусунан пай­да болгон зиготадан көп ядролуу Опалиналар өөрчүйт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.