1565-ж. башында Иван IV Васильевич мамлекеттин көпчүлүк бөлүгүн өзгөчө аймагы, аскери бар өзүнүн бөтөнчө ээлигине-опричнинага болгон. Опричнинага кирген боярлардын жерлери «падышанын наамына» тартылып алынган, аларга опричник дворяндар жайланышкан. Падыша думасыз эле боярларды соттоп, жазалоо тууралуу жар салып, опричнинаны түзү үчүн зор салык салган. Опричнинанын аскерлери падышанын жазалоочу куралы, өз гвардиясы болуп калган. Опричниначылар ээлерине иттин башын жана шыпыргыны бокторуп жүрүшкөн. Бул падышага иттей берилгендигин жана душмандарын шыпырып саларын билдирген символ болгон.

Опричнина Иван IV Васильевич Грозныйдын 1565-1572-жж. княздык оппозицияны жок кылуу үчүн ички саясий чараларынын системасы болгон. Аёосуз террордун, жазага тартып өлтүрүүнүн, сүргүнгө айдоонун мезгили башталган. Айрыкча падыша аскерлеринин жолундагы Клин, Тверь ж.б. шаарлар катуу бүлгүнгө учураган. Опричниначылар 40 күн бою үйлөрдү, монастырларды, чиркөөлөрдү талкалап, талап тоношкон. Улуу Новогород талкаланып, эли кыргынга учураган. Террор бүт жерде колдонулган. Опричнина каардуу жеке бийликтин, ага жөлөк болгон кызмат адамдарынын, аксөөктөрдүн абалын бекемдеген. Крепостной укуктун чындалышына, посад адамдарынын жакырдануусуна алып келген. Тышкы душмандар менен согушууга опричниначылыр жөндөмсүз болгон. 1571-ж. Крым ханы Дөөлөт Гирей басып кирип, Москваны өрттөгөн. Опричниначылар согуша албай женилип калган. 1572-ж. Иван IV опричнинаны жоюп, аны атыгул эскерүүгө тыюу салган. Опричнина он миндеген дыйкандарды жана кол өнөрчүлөрдү бүлгүнгө учуратып, өлкөнүн чарбасын катуу начарлаткан. Бул булууну Россиянын тарыхында дыйкандар согушуна алып келген.

Колдонулган адабият түзөтүү

1.Дуйно тарыхы