Оптоэлектроника – маалыматты даярдоо, берүү, өзгөртүп түзүү жана сактоонун бир эле убакта оптикалык, электрдик ыкмаларын пайдалануу проблемасын камтыган электрониканын тармагы.

Оптикалык байланышты камтыгандыктан Оптоэлектроника вакуумдук жана жарым өткөргүчтүү электроникадан (фотоэлемент, фотоэлектрондук көбөйткүч, электрондук-нур түтүгү, жарым өткөргүчтүү приборлор) айырмаланат. Оптоэлектрониканын негизги элементтери: жарык булагы (лазер, жарык нурлантуучу диод), активдүү жана пассивдүү оптикалык чөйрө, фотокабылдагыч. Оптоэлектроника когеренттүү жана оптроника деп айырмаланат. Электрдик байланышты оптикалык байланыш менен алмаштыруу оптрониканын негизи. Сигналды оптроникада параметрдик ыкма менен өзгөртөт, кайрадан туташтырат, модуляциялайт ж. б. Традициялык (көнүмүш) электроникада аналогу болбогон эсептөө техникасынын чоң системасын, оптикалык байланышты, эске тутууну, маалыматты түзүүнүн жаңы принциби жана ыкмасы когеренттүү Оптоэлектроника менен байланыштуу. Буга сүрөт логикалуу деп аталган машина, маалыматты иштеп чыгуу ылдамдыгы 1 секундада 109 – 1011 операцияны түзгөн өтө тез иштөөчү эсептөө системасы, эске тутуу сыйымдулугу чоң (1010 – 1012 бит) түзүлүш, лазердик телекөрүү функционалдуу когеренттүү Оптоэлектроника ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү