Оренбург же Орынбор (1938–57-ж. Чкалов) – Россиядагы шаар. Оренбург облусунун административдик борбору. Урал дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 547,1 миң (2011). Темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Негизги өнөр жай тармактары – отун жана электр энергетикасы, кара металлургия. Ошондой эле машина куруу (трактор жана айыл чарба машиналары) жана металл иштетүү (тоо-кен, металлургия өнөр жай үчүн жабдуу, электр кыймылдаткычтар, гидропресстөөчү станок куруу, аспап ж. б. заводдор), газ, химия (жер семирткичтердин ар кандай түрү), тамак-аш (ун, аралаш тоют, май, эт), жеңил (жибек кездеме), «Паутинка» фабрикасы (эчкинин тыбытынан согулган жоолуктары менен дүйнөдө даңкталат) өнөр жай, «Оренбургнефть» (газ жана газ конденсаты), «Оренбурггазпром», «Гидропресс», «Инвертор» ишканалары иштейт. Шаарда РИАнын Урал бөлүмүнүн Оренбург илимий борбору, 4 ЖОЖ (анын ичинде Оренбург университети), 3 театр, филармония, цирк, край таануу жана сүрөт искусствосу, музейлери, 5 мечит (Россиядагы мусулмандардын диний башкармалыгы уюштурулган алгачкы шаар), 10 чиркөө бар. 1735-ж. Орь дарыясынын чатында негизделген. 1740-ж. Уралдын төмөнкү жээгине, 1743-ж. азыркы ордуна көчүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү