Орнотуу (програмдык камсыздоо)

Орнотуу (англ. Installation же setup - орус. Установка, инициализация)). Програмдык камсыздоону орнотуу - деп програмды кайсы бир иштетүү системиндеги компьютерге толук иштөө мүмкүнчүлүктөрү менен бирге жайгаштыруу иш-аракетин айтабыз. Б. а. програмдык жабдык ишин туура аткаруу үчүн керек болгон файлдарды жана папкаларды катуу дискке орнотуу жана тиешелүү берилиштерди системдик реестрге кошуу. Орнотуу иш-аракети иштетүү системинде болуучу Орнотуу устасынын жардамы менен аткарылат жана орнотулчу програмга же иштетүү системине карап өзгөчөлөнөт. Анын милдети - орнотуунун жүрүшүндөгү көпчүлүк иш-аракеттерди ырааты менен аткаруу. Жабдууларга карата орнотуу компьютерге түзүлүштү физикалык туташтыруу, түзүлүштөр драйвелерин иштетүү системине кошуу жана түзүлүштүн касиеттерин жана параметрлерин айкалыштыруу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү