Ортогоналдуулук (гр. orthogo­nios — тик бурчтуу, orthos — тик, gonia — бурч) — перпендикулярдуулуктун жалпыланган түшүнүгү.

Скалярдык көбөйтүндү аткарылган ар кандай сызыктуу мейкиндиктерде векторлордун перпендикулярдуулук түшүнүгүн жалпылап, скалярдык көбөйтүндүсү нөлгө барабар болгон эки вектор ортогоналдуу векторлор деп аталат. Эгер эки сызыктуу мейкиндиктин бириндеги вектор экинчисиндеги векторго ортогоналдуу болсо, ал мейкиндиктер ортогоналдуу деп ата­лат. Бул түшүнүк үч өлчөмдүү мейкиндиктеги эки түз сызыктын жана түз сызык менен тегиздиктин перпенди­кулярдуулуктарын жалпылайт. Бири бири менен тик бурч түзүп кесилишкен ийри сызыктар — ортогоналдуу ийри сызыктар. Ортогоналдуулук функцияларга да, көп мүчөлөргө да колдонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.