Ортоклаз (гр. orthos – түз жана klasis – сынуу, талкануу) – талаа шпаттар тобундагы тоо тек пайда кылуучу минерал. Химиялык формуласы K [AlSi3O8]. Моноклин системасында кристаллданат. Өңү ачык-кызгылт, саргыч-бозомук, кызыл, көгүш ж. б. Сингониясы моноклиндүү, жаркырактыгы айнек сымал. Катуулугу 6–6,5. С. салмагы 2,55–2,63. Ортоклаз – магма тоо тектеринин тек пайда кылуучу минералдарынын негизгилеринин бири. Көбүнчө региондук жана контакттык метаморфизм процессинде пайда болот. Карапа жана айнек өндүрүшүндө сырьё катары колдонулат.

Ортоклаз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү