Ору-Прету – Бразилиянын Түштүк-чыгышындагы шаар. Минас-Жерайс штатында. Калкы 75 миң (2010). Түстүү металлургия өнөр жай ишканасы иштейт. Сан-Франсиску-ди-Асис (1766–94) жана Носса-Сеньора-ду-Карму (1766–72) чиркөөлөрү, 18–19-кылымга таандык административдик жана турак-жай имараттары сакталган. 1711-ж. негизделген. 1933-жылдан шаар-эстелик статусуна ээ. Эски курулуштарын бузганга тыюу салынып, жаңыларына өзгөчө уруксат керек. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Туризмдин борбору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү