Орф Карл (10. 7. 1895, Мюнхен – 29. 3. 1982, ошол эле жер) – немис композитору, педагог, театр ишмери жана драматург. «Кармина Бурана» сахналык кантатасы (1937), «Антигона» трагедиясы (1949), «Акылдуу кыз» (1943) жомок зингшпили ж. б. бар. Коллективдүү вокалдык-аспаптык импровизациянын чыг-лык башталышынын өнүгүшүнө негизделген балдарды музыкалык тарбиялоо системасын иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү