Ферит Орхан Памук (түрк. Ferit Orhan Pamuk; 1952-жылы 7-июнь) – түрк элинин жазуучу-романисти, сценарист, академик, адабият жаатындагы "Нобель" сыйлыгынын ээси (2006). Түрк элинин эң беделдүү жазуучусу[1] Орхан Памук, 63 тилде жазылган 13 миллиондон ашык китеп сатып[2] ал Түркиянын эң көп сатуулары болгон жазуучусу болгон[3].

Орхан Памук
түрк. Orhan Pamuk
Туулган датасы:

7 -июнь 1952(1952-06-07) (71 жаш)

Туулган жери:

Ыстанбул, Түркия

Жарандыгы:

Түркия

Ишмердүүлүгү:

Жазуучу, сценарист

Чыгармачылык жылдары:

1974 - азыркы учурда

Жанр:

роман, сценарий

Чыгармаларынын тилдери:

түрк тили

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

http://www.orhanpamuk.net

Орхан Памуктун эң белгилүү романдары: Ак сепил (түрк. Beyaz Kale), Кара китеп (түрк. Kara Kitap), Жаңы жашоо (түрк. Yeni Hayat), Менин атым Кызыл (түрк. Benim adım Kırmızı), Каар (түрк. Kar), Күнөөсүздүк музейи (түрк. Masumiyet Müzesi) жана Башымдагы таң калтырган нерселер (түрк. Kafamda Bir Tuhaflık). Орхан Памук Колумбия университетинин гуманитардык илимдер бөлүмүнүн профессору, жазуучу жазуу жана салыштырмалуу адабият сабактарын берет.

Черкеш теги менен Стамбулда туулган Памук "Нобель" сыйлыгына ээ болгон биринчи түркиялык жазуучу. Бул сыйлыктан тышкары Орхан Памук башка адабий сылыктарга да ээ болгон. 2002-жылы "Менин атым Кызыл" романы Prix du Meilleur Livre Étranger, Premio Grinzane Cavour (2002) жана Дублин эл аралык адабият сыйлыгына ээ болгон.

Орхан Памук менен Жозе Сарамагонун биргелешкен сунушунун натыйжасында Европалык жазуучулардын парламенти түзүлгөн. 2005-жылы ультра улутчул юрист Кемаль Керинчсиз Осмон империясы учурундагы армяндардын тукумкуруту жөнүндөгү билдирүүсү үчүн Памукту сотко берген. Памуктун ою боюнча ал туулган жеринде сөз эркиндигине байланышкан маселелерге жарык төгөөрүнө ниет кылган. Сот өтүнүчтү кабыл алган жок бирок 2011-жылы Орхан Памук доочулардын намысына акарат кылганы үчүн жалпысынан 6000 лираны компенсация катары төлөгөн.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Илимий ишмердиги түзөтүү

Сыйлыктары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. https://www.nytimes.com/1998/12/15/books/arts-abroad-a-novelist-sees-dishonor-in-an-honor-from-the-state.html
  2. http://www.hurriyet.com.tr/kultur-sanat/haber/18672862.asp
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 24 -сентябрь (аяк оона) 2023. Түп булактан архивделген күнү 29 -февраль (бирдин айы) 2012.