Осетиндер

кавказдагы эл.

Осетиндер (осет. ир, ирæттæ; дигорæ, дигорæнттæ) — Кавказда жашаган иран тилдүү эл. Түндүк Осетия менен Түштүк Осетиянын негизги калкы. Алар ирон жана дигорон жана башка субэтностук топторго бөлүнөт. Осетин тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендеринин көбү православныйлар. Осетиндер – байыркы Кавказ элдеринин бири.

Дигорæнттæ
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 700 000
 Орусия: 485 949 (2021)

Түштүк Осетия: 48 146 (2015)
 Грузия: 14 385 (2014)
Сирия: 68 000
Түркия Түркия: 42 000
 Украина: 8834

Тили

Осетия тили

Дини

Православие
Ислам

 кирет

ирондор, дигорлор, туалдар, ясылар

Тууган элдер

ягнобтор, памир элдери, пуштундар, тажиктер, талыштар

Келип чыгышы

Ираний уруулары

Мамлекеттүүлүгү

Түндүк-Осетин АССРи (1936-1993)
Түштүк Осетия (1990-учурда)
Түндүк Осетия—Алания (1993-учурда)

Осетиндердин этностук негизи Түндүк Кавказдын жергиликтүү калкы жана ал жерге келген скиф, сармат, алан (б. з. 1-к-нан) уруулары менен тектеш. Осетиндер 15–18-кылымда эл болуп калыптанган. 18-кылымдын 40-жылдарынан орус-осетин мамилелери түзүлө баштаган. 1774-ж. Осетия Россиянын курамына кошулган. 18–19-кылымдын аягында осетиндердин бир бөлүгү тоолуу аймактардан түздүктөргө көчө баштаган. 1922-ж. Грузин ССРинин курамында Түштүк Осетия АО, 1924-ж. Түндүк Осетия АО түзүлүп, 1936-ж. РСФСРдин курамындагы Түндүк Осетия АССРи болуп өзгөрүлгөн. 1990-ж. Түн. Осетия Республиканын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө декларация кабыл алынган. Негизги кесиби – дыйканчылык жана мал чарбачылык. Эркектери бели тар, жакасыз, узун чапан (черкеска), бешмант, көйнөк, чалбар, кышкысын тон, бурка, башына каракүл папах, кийиз калпак, башлык, бутуна такасыз, булгаары туфли (чувяки), өтүк кийип, белине канжар тагынган. Аялдары алды тилик бычылып, көркөмдөлгөн көйнөк, ичинен жибек юбка жана узун жең кап, кыска алжапкыч тагынып, жазы кур курчанган. Башына саймалуу жоолук жабылган баркыт топу кийишет. Улуттук тамак-ашы башка Кавказ элдериникине окшошаары Негизинен эт, сүт, ун азыктары. Суусундук катары пиво ичишет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү