Остеомиелит — сөөк чучугу менен ткандарынын сезгениши. Аны ириңдетүүчү микробдор (ириңдүү остеомиелит) пайда кылат. Сөөктүн жана муундардын туберкулёзу остеомиелиттин өзгөчө түрү болуп эсептелет.

Остеомиелитте езгөргөн сөөк жана жумшак ткандын схемалык берилиши (жара кесилген): 1 — секвестр капсуласынын тегерегиндеги сөөктүн калыңдаган жери; 2— жана 4— капсула көңдөйүндөгү сөөк секвестрлери; 3— кеу.ик; 5— булчуңдагы жылчык жолу; 6— жылчьктын сырткы тешиги.
Остеомиелит

Ириңдүү остеомиелит түзөтүү

Ириңдүү остеомиелит көбүнчө ачык сыныктарда, согуш мезгилинде ок тийип жарадар болгондо оору козгогуч микробдордун киришинен болот. Организмдеги ириңдүү инфекция бар жерден микроб сөөккө кан агымы менен тараганда пайда болуучу гематогендик остеомиелит көп жолугат. Бул негизинен өспүрүм балдарда кездешет. Кээде жаңы төрөлгөн балдарда учурайт (киндик ириңдегенде). Айрыкча жиликтер (кашка, жото жана күң жилик) жабыркап, ириң сөөктүн муунга жакын учтарында пайда болот. Бул оорудан кутулуу учун моюнга жип ыргытыш керек

Гематогендик остеомиелит түзөтүү

Гематогендик остеомиелит капысынан башталат, сезгенген сөөк ооруйт, эт ысып чыйрыгат; кээде киши жөөлүйт. Бир нече күндөн кийин жабыркаган сөөктүн үстүндөгү ткандар шишип катууланат, териси кызарат. Кээде, айрыкча балдарда алгачкы күндөрдө ооруу жана сезгенүү жана башкалар белгилер билинбейт; муну врачтар гана изилдеп аныктай алат. Гематогендик остеомиелитти эрте аныктоонун мааниси зор. Катуу кармаган остеомиелит улаарып кетсе, сөөк ткандары бүтүндөй бузулуп, жакын муундардын ириңдешине жана башкалар коркунучтуу кабылдоолорго учуратат.

Оорунун басаңдашы түзөтүү

Кээде өзү жарылып ириң сыртка чыгышы ыктымал. Мында оору басаңдап, оорулуунун жалпы абалы жеңилдейт (температурасы түшөт жана башкалар). Ошентип катуу кармаган остеомиелит айыкпастан өнөкөт түрүнө өтөт. Соо сөөк тканынан бөлүнүп ажыраган өлүү сөөктүн (секвестрлер) тегереги такай ириңдеп, тешилет жана остеомиелит улам ырбай берет. Өлүү сөөктүн көлөмү чоңоюп бөлүнүшү сөөктүн өзүнөн өзү сынышына алып келет (патологиялык сынык). Өнөкөт остеомиелитти дарылабаса бир нече жылдарга созулушу ыктымал.

Остеомиелитти алдын алуу түзөтүү

Остеомиелиттин алгачкы катуу кармама түрүн жеңил эле хирургиялык операциянын (кээде операциясыз) жардамы менен ооруну өнөкөт формасына жеткирбей айыктырууга болот. Өнөкөт ириңдүү остеомиелит операция жолу менен дарыланат; кээде операцияны бир нече жолу кайталоого туура келет. Ошондуктан дене ысып, бут-кол ооруса врачка тез кайрылуу керек.
Гематогендик остеомиелитти алдын алууда балдардын гематогендик инфекция булактарын — тонзиллит, ириңдүү отит, гайморит, тиштин чириши жана башкалар өз убагында дарылоо, ошондой эле жарааттуу сыныкта жараат тегерегин дезинфекциялоо, таңуу, транспорттук шакшактоо чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8