Островский Николай Алексеевич

Островский Николай Алексеевич [16(29). 9. 1904, Украина, азыркы Ровно облусу, Острожский району, Вилия кыштагы – 22. 12. 1936, Москва] – орус жазуучусу. 1919-ж. июлда комсомолго өтүп, өз каалоосу менен майданга кеткен. Г. И. Котовскийдин атчандар бригадасында, кийин 1-атчандар армиясында согушкан. 1920-ж. августта оор жарадар болуп, аскерден бошогон. 1928-ж. эки көзүнөн ажыраган. Бирок Островский ооруга мүңкүрөп калбай, жашоо үчүн активдүү күрөшкөн, өз бетинче билимин өркүндөткөн. Төшөктөн турбай азиз абалында жатып, «Болот кантип курчуду» романын (1931–34) жазган. Романдын баш каарманы Павел Корчагиндин образы автобиограф. мүнөзгө ээ. Островскийдин 1919–20-ж. Украинанын батышындагы эмгекчилердин революциячыл аң-сезимге келишин көрсөткөн «Бороондо телчиккендер» (1934–36) деген романы (бүтпөй калган) бар. Островскийдин чыгармалары боюнча көп жолу кинофильм жана телефильм тартылган. Островскийдин чыгармалары кыргыз тилине которулган («Болот кантип курчуду» – 1938–40, К. Жантөшев; «Гудок» – 1939, С. Бөлөкбаев; 1968, Д. Кулбатыров; «Бороондо телчиккендер» – 1962, С. Бектурсунов ж. б.). Ленин ордени менен сыйланган, Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1966). Москвада (1940), Сочиде (1937) жана өз айлында мемориал музейлери бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү