Кайып Оторбаев (Кайып Оторбаевич Оторбаев; Kaiyp Otorbaev; 1922-жылы 22-апрелде Кемин районундагы Тегирменчи айылында же Алмата шаарында туулган – 2015-жылы 22-февралда Бишкекте каза болду) – кыргыз элинин көрүнүктүү окумуштусу жана коомдук ишкери. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз СССР илимдерине эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору, профессор, СССР географиялык коомунун ардактуу мүчөсү, Кыргызстан спортунун ардагери.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Кайып Оторбаев 1922-жылдын 22-апрелинде Чүй облусунун Кемин районундагы Тегирменти айылында (башка маалыматка караганда, Казакстандын мурдагы борбор шаары Алматыда) дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-теги - кеминдик кыргыздардан. Атасы Оторбай 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш падышалык Орусиянын жазалоочу аскерлери тарабынан кандуу жазаланганда, Улуу Үркүндө калайык менен кошо Кытайга чейин качып барып келген. Оболоу ал Кытайдан (Кулжадан) Алматыга кайтып, бир нече ай бою ошол шаарда байырлаган.

Кайыптын биринчи ийгиликтүү чабуулу - анын жарык дүйнөдө жашап калуусу. Андан мурда төрөлгөн алты баласы катары менен чарчап, жүрөктөрү үшүп калган Оторбай менен жубайы Данапия наристенин атын да Кайып-Мухаммед коюшуп, беш жашка чейин ырымдап чоңойтушкан экен.

Бул тууралуу Кайып Оторбаев журналист Александр Иванов менен биргеликте орусча жазган "На разломе эпохи" - "Доорлор тогошкондо" деген көлөмдүү китебинде кеңири айтылган.

Кайып беш жашында атасынан ажырап, жетим өскөн.

1929-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы № 1-орто мектептин биринчи классына барат.

7-классты аяктап, Фрунзедеги коммуналдык-курулуш техникумуна тапшырат. Окууну аяктап, техник-куруучу болуп эмгек жолун баштайт.

1941-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна өтөт, бирок Улуу Ата Мекендик согуштун башталгандыгына байланыштуу окуусун уланта албай калат. 1941-жылдын декабрь айында Кайып Оторбаев Кызыл армиянын катарына чакырылат. Катардагы жоокер, взводдун командири катары кызмат өтөйт.

Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы согуштарда көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн Кайып Оторбаев Кызыл Жылдыз, II даражадагы Ата мекендик согуш ордени, «Каармандык үчүн», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Согуштан кийин Кайып Оторбаев Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтка тапшырып, артыкчылык диплом менен аяктаган.

1950-жылы СССР Илимдер академиясынын география институтунун аспирантурасына кабыл алынган. Аспирантурадагы окуусун спорт менен айкалыштырып, футбол боюнча Москванын «Спартак» командасында ойногон.

1954-жылы Кайып Оторбаев диссертациясын ийгиликтүү жактап, география илимдеринин кандидаты деген даража ыйгарылат. Анын илимий ишмердиги Кыргызстандын экономикалык географиясын изилдөөгө багытталган.

1971-жылы Кайып Оторбаевге география илимдеринин доктору деген илимий даража ыйгарылган.

1979-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган. Академиктин экономикалык жана социалдык географиянын маселелерин изилдөө боюнча зор салымы көптөгөн сыйлыктарга татыган.

1979-жылдан тартып, 1980-жылдын ортосуна чейин Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик универститетин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин) ректор катары жетектеген.

1985-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешине депутат болуп шайланган.

1987-жылы Кыргыз ССР ИАсынын Президиумуна караштуу Өндүргүч күчтөрдү жана табигый ресурстарды изилдөө комиссиясынын башкы илимий кызматкери болуп дайындалган.

1990-жылы Кыргызстан ИАсынын Президиумуна караштуу Өндүргүч күчтөрдү жана табигый ресурстарды изилдөө комиссиясынын төрагасы болуп дайындалган.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Окумуштуу Кайып Оторбаев 400дөн ашуун илимий-изилдөө эмгектерин жарыялаган.

Эмгектери англис, француз, немис, жана испан тилдерине которулган.

Кайып Оторбаев СССР географиялык коомунун ардактуу мүчөсү жана Кыргызстан географиялык коомунун ардактуу мүчөсү болгон.

Кайып Оторбаев советтик экономика илимдерин чет мамлекеттерде көп ирет тааныткан. Илимий делегациялардын курамында кыргыз окумуштууларынын атынан Улуу Британия, Франция, Болгария, Румыния, Чехословакия жана Куба сыяктуу өлкөлөрдө болуп, илимий баяндамаларды жасаган.

Кайып Оторбаев эл чарбасына адистерди жана илимий, педагогикалык кадрларды даярдоого активдүү катышкан.

Академик көп жылдардын аралыгында илимдин 5 докторун жана илимдин 18 кандидатын тарбиялаган.

Коомдук жана педагогдук ишмердиги түзөтүү

Академик Кайып Оторбаев илимий-педагогикалык ишмердигин коомдук ишмердик менен ийгиликтүү айкалыштырган.

Ал эки ирет Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Көп жылдар бою Тынчтыкты коргоонун республикалык комитетин жетектеген.

Спорт жана футбол түзөтүү

Кайып Оторбаев кезегинде Кыргызстандын мыкты спортчусу, футболчусу болгон.

Ал 1950-жылдары Москванын атактуу "Спартак" командасынын чабуулчусу катары даңазаланган.

Ошол жылдары "Спартак" командасы Советтер Биримдигиндеги эң мыкты команда эле.

Үй-бүлөсү. Бейнеси түзөтүү

Кайып Оторбаев өз Мекенинин татыктуу уулу эле.

Бүт өмүрүн илимге, спортко арнаган.

Жубайы – илимпоз, агартуучу, медик Мария Нанаева. Мария Токтогуловна Нанаева экөө тең илимде өз издери бар окумуштуулар. Мария Токтогуловна Нанаева - медицина илимдеринин доктору, профессор.

Алар уулдарына татыктуу тарбия берген. Бир уулу – Жоомарт Оторбаев азыркы тапта Кыргыз Өкмөт башчысы. Кичүү уулу Чагатай Оторбаев - дарыгер адис.

Кайып Оторбаев чынчыл, таза жана так киши катары бааланчу.

Эстутум түзөтүү

Маркум Кайып Оторбаевдин сөөгүн коюу жөрөлгөсү 2015-жылдын 24-февралында Бишкекте өттү.

Оболу таңкы саат 08:30-11:15те Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде коштошуу зыйнаты өттү. Ага Кыргыз Өкмөтүнүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү, окумуштуулар, мугалимдер, айдыңдар, саясатчылар, карапайым шаардыктар катышты.

Андан соң маркумдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө түбөлүк жайына берилди.

Жөрөлгөгө катышкандар "Дасмия" тойканасында куран окутушту.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кайып Оторбаевдин экономикалык жана социалдык география илимин өнүктүрүүгө кошкон салымы советтик доордо да, эгемендүү Кыргызстандын өкмөтү тарабынан дагы татыктуу бааланган.

Бир катар орден, медалдар менен сыйланган. Арасында:

  • Эмгек кызыл Туу ордени
  • II жана III даражадагы «Манас» ордендери
  • Кызыл Жылдыз ордени
  • II даражадагы Ата мекендик согуш ордени
  • «Каармандык үчүн» медалы
  • «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта фашисттик Германияны жеңгендиги үчүн» медалы
  • юбилейлик медалдар
  • Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары бар.

1997-жылдан бери академик Кайып Оторбаевдин ысмындагы байге үчүн мини-футбол боюнча эл аралык мелдештер өткөрүлүүдө.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • Джалал-Абадская область Киргизской ССР. 1957;
  • Природа Киргизии. 1962 (в соавторстве);
  • Развитие народного хозяйства Киргизской ССР. 1966 (в соавторстве); .
  • Экономика Киргизской ССР. 1967;
  • Киргизская ССР. 1968;
  • Киргизия. 1970;
  • Среднеазиатский экономический район. 1972 (в соавторстве);
  • Проблемы развития и размещения производительных сил и формирование территориально-производственных комплексов. 1974;
  • Проблемы развития производительных сил Киргизской ССР. Экономическое районирование. 1976 (в соавторстве);
  • Территориальная организация производительных сил Чуйской долины. 1982 (в соавторстве);
  • Социальная инфраструктура народнохозяйственных комплексов. 1984 (в соавторстве).
  • Эколого-экономическое районирование Южного и Северного Кыргызстана. Центр экономических исследований НАН РК, 1998, 1999.

Ал тууралуу эмгектер түзөтүү

  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах. - Бишкек: Главная редакция Кыргызской энциклопедии, 2002. (Asanov U.A., Jumanazarova A.Z., Chorotegin T. Kyrgyzskaya nauka v litsakh (The Kyrgyz Science In Faces). - Bishkek, Main Editorial Board of the Kyrgyz Encyclopedy, 2002.) - ISBN 5-89750-142-4.
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү