Оттон I - Улуу (23. 11. 912, Валлхаузен – 7. 5. 973, Мемлебен), Саксония герцогу (936–961), Германия королу (936-жылдан), Ыйык Рим империясынын императору (962-жылдан). Саксон династиясынан чыккан. Германия королу Генрих Iнин уулу. Уруу герцогдору менен күрөштө епископторго жана аббаттарга таянган. Славян жеринде христиан динин таратуу үчүн 968-ж. Магдебург архиепископтугун курган. 955-ж. Лех дарыясынын боюнда венгрлерди талкалаган. 951-ж. Ломбардияны каратып, Италия королу деген титул алган. 962-ж. Пападан императордук таажы алып, «Ыйык Рим империясын» негиздеген. Оттон Iнин укум-тукуму [Оттон II (955–983), Оттон III (980–1002), Оттон IV (1175 же 1182–1218)] «Ыйык Рим империясынын» королдору жана императорлору болушкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү