От чөп, адонис (лат. Adonis) – өсүмдүктөрдүн байчечекейлер тукумунун уруусу. Бир жана көп жылдык чөп. Евразия жана Түндүк Африканын мелүүн алкактарында 30га жакын түрү, КМШ өлкөлөрүндө 17дей түрү бар. Сабагынын бийиктиги 40–70 см, жалбырагы ичке, канат сымал тарамдуу. Чоң сары, кызыл, сары кызыл гүлдүү. Мөмөсү тобурчак сымал кургак урук. Батыш Европада, КМШнын Европа бөлүгүндө, Түштүк Уралда, Батыш Сибирде, Кыргызстандын Ысык-Көл, Чоң Кемин өрөөндөрүндө ж. б. жерде өсөт. Жазгы от чөп – дары өсүмдүк. Курамында жүрөк оорусун жеңилдетүүгө көмөк берүүчү гликозид (цимарин, адонитоксин, сапонин) бар. Элдик медицинада жана ветеринарияда илгертен эле кургак чөбүнүн тундурмасы дары катары пайдаланылган. Дарылык үчүн гүлдөгөндөн баштап, уругу күбүлгөнгө чейин жыйналат.

Adonis vernalis.

Колдонулган адабияттар түзөтүү