Охра – жаратылыштагы темир (III) гидроксидинин ар түрдүү сандагы топурак менен болгон аралашмасы – пигменттерге кирет. Түстөрү боюнча төмөндөгүдөй бөлүнөт: ачык сары түстүүлөрү 12-25 % орто сарылары – 25-40 % алтын түстүүлөрү – 40-75 % Fe2O3 алып жүрөт. Охралар начар к-талар, щелочтор эритмелерине, күн нуруна жана атмосфералык таасирге туруктуу келет. 150оС жогорку температурада өңү карая баштайт. О. өтө арзан жана туруктуу пигмент болгондуктан, адам турмушунда кеңири пайдаланылат. Андан арзан акиташтоочу, желимдөөчү, май боёктору, шпатлевкалар жана сүрөт тартуучу боёктор даярдалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү