"Оюнчуктар икаясы 3" (англ. Toy Story 3, орус. История игрушек 3) − 2010-жылы америкалык 3D компьютерде анимацияланган комедия драма, "Оюнчук окуясы" сериясынын 3-чыгарылышы. Режиссеру Ли Анкрич, сценарийин жазган Майкл Арндт. Тасма 2010-жылы 18-июнда жарыкка чыккан жана июндан октябрга чейин Disney Digital 3-D, RealD жана IMAX 3D форматында жайылган. Тасма Dolby Surround 7.1 үнү менен чыккан алгачкы тасма болуп эсептелет.

Оюнчук окуясы 3
Режиссеру Ли Анкрич
Продюсер Дарла К. Андерсо
Сценарийи Майкл Арндт
Оператору
  • Жереми Ласки
  • Ким Уайт
Тартылгандар
Музыкасы Рэнди Нюман
Редактору Кен Шретцман
Жайылтуучу Walt Disney Studios
Motion Pictures
Чыккан жылы
  • июнь 12, 2010 (2010-06-12) (Taormina Film Fest)
  • июнь 18, 2010 (2010-06-18) (АКШ)
Узактыгы 103 мүн.[1]
Өлкөсү  АКШ
Тили Англис
Бюджети $200 млн[1]
Киреше $1.067 миллиард[1]

Тасманын окуясы Ууди, Базз жана алардын достору оюнчук ээси Энди коллежге окууга даярдана баштаган соң, бүдөмүк келечектерин кантип пландоону ойлоо менен уланат. Тасмага үн кошкон курамдык топ: Том Хэнкс, Тим Аллен, Жоан Күсак, Дон Риклс, Уоллес Шоун, Жон Раценбергер, Эстел Харрис, Жоди Бенсон, жана Жон Моррис жана жаңы кошулган оюнчулар: Нед Битти, Майкл Китон, Уупи Голберг, Блэйк Кларк (Жим Варнинин ордуна), Тимоти Далтон, Кристен Шаал, Бонни Хант жана Жефф Гарлин.

Мурунку тасмаларындай эле бул тасма да сын-пикирден ийгиликтүү өткөн. Тасма Оскардын "Эң мыкты тасма" сыйлыгын алган "Pixar" тарткан экинчи тасма жана үчүнчү анимациялык тасма болуп эсептелет. Мындан сырткары тасма Оскардын "Эң мыкты сценарий", "Эң мыкты үн монтажы", "Эң мыкты анимациялык тасма" жана "Эң мыкты ыр" наамындагы 4 Оскар сыйлыгын алган. Тасма дүйнөлүк аренада $1 миллиарддан ашык киреше тапкан жана 2010-жылдагы Түндүк Америка жана дүйнөдө эң көп киреше тапкан тасма аталган. Тасманын уландысы Лассетер тарткан "Оюнчук окуясы 4" 2019-жылы 21-июнда жарыкка чыгышы пландалган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. 1.0 1.1 1.2 Toy Story 3 (2010). Box Office Mojo. Текшерилген күнү 20 -август (баш оона) 2016.