Павана (итал. pavana - тоос куш) -16-кылымда Европада кеңири тараган бий.

Павана (Edwin Austin Abbey, 1897).
Павана (Pierre Attaignant, 1494-1552).

Павана нын келип чыгышы жөнүндө эки түрдүү пикир айтылып жүрөт. Биринчиси боюнча Павана же падуана Италиянын Падуя шаарында калыптанган. Ошондуктан ал Павана деп аталат. Экинчиси боюнча Павана Испанияда пайда болгон жана ал тоостун (лат. pavo) кекирейген басыгын тууроодон келип чыккан. Өтө жай, салабаттуу бийленет. 17-кылымда Павана өз алдынча аспаптык пьеса катары колдонула баштаган жана сюитанын катарына кирген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.