Павлодар облусу
Павлодар областы - Казакстанда 1938-ж. уюшулган. Борбору — Павлодар ш.
Павлодар облусу каз. Павлодар облысы | ||
| ||
Өлкө: |
Казахстан | |
---|---|---|
Калкы (2014): |
752793 | |
Жыштыгы: |
5,99 адам/км² | |
Жер аянты: |
124 755 км² (4,6 %, 11 орун) | |
Саат алкагы: | ||
Аббревиатура: |
Пав | |
Телефон коду: |
+7 7182 xx-xx-xx | |
Почта индекстери: |
14xxxx | |
Унаа коду: |
S,14 | |
Расмий сайты | ||
Павлодар областы республиканын түн.-чыгыш бөлүгүндө, Иртыш дарыянын ортоңку агымында, токойлуу талаа жана жарым чөл зоналарында жайгашкан. Климаты кескин континенттик, жайы кургак, ысык; июлдун орт. температурасы 20—22°С, январдыкы —17,5...—19,5°С. Жылдык жаан-чачыны 220—305 мм. Ири дарыясы — Иртыш. Иртыш дарыясынан Иртыш — Караганда каналы жана бир йене суу сактатыч, плотиналар курулган.
Областта көл көп, көбү туздуу. Жеринин көпчүлүк бөлүгү айдоого айланган. Жаныбарлары: кемирүүчүлөр, карышкыр, түлкү, торгой, бөдөнө, өрдөк, чил ж. б. Көлдөрүндө балык көп.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.