Палуба, дек – кеме тулкусунун горизонталдык жабуусу. Ал төшөмдөн жана кырына, тосмосуна, пиллерсине таянган бимс, карлингс ж. б. шаймандардан турат. Жогорку Палуба кеменин жалпы бышыктыгын жана бекемдигин камсыз кылуу менен тулкусунун туурасын байланыштырат. Төмөнкү Палуба бийиктиги боюнча жүк коюлуучу жайларга бөлүнүп, жүргүнчүлөр, технологиялык жабдуулар үчүн ылайыкталып жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү