Пампа сьерралары (Sierras Pampeanas) – Пампанын батыш четиндеги жетим тоолордун тобу. Аргентинада 26-34° түштүк кеңдик менен 64–68° батыш узундуктардын аралыгында меридиан багытында созулуп жатат. Пампа сьерралары Түштүк Америка платформасынын фундаментинин жер бетине чыгып жаткан урчугу; ал миоценде көтөрүлүп, бир нече блокторго ажыраган; алардын айрымдары жогору көтөрүлүп, айрымдары ылдый чөккөн. Бийиктиги 300 мден 5550 мге чейин (Сьерра-дель-Аконкиха). Чыгыш капталдары жантайыңкы, батышы тик. Капталдарында кургак токой, сейрек токой, бадалдар жана кактустар өсөт.

Пампа сьерралары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү