Панкратион, эр уруш – эрендер кармашы. Байыркы Грекиядагы оюндарда куралсыз жекеме-жеке уруш, кармаш катары тарыхта калган (б. з. ч. 648-ж.). Узактыгы 5 миндан 2 раунд берилет. Эгер таймаш тең чыгуу менен аяктаса, спортчуларга кошумча 3 мин берилет. Панкратиондо спортчуларга дээрлик бардык спорттун түрлөрүндөгү (эркин, грек-рим күрөшү, самбо, каратэ, дзюдо, кикбокс ж. б.) техникаларды колдонууга уруксат берилет. Ал эми көзгө урууга, чачтан алууга, колдун манжалары менен муунтууга, атаандашы менен урушууга ж. б. тыюу салынат. 1990-жылдан АКШда, 1995-жылдан Россияда, Украинада «эрежесиз уруш» деп аталып, таасирдүү кармаш түрү катары тааныла баштаган. СССР спортунун чебери, каскадёр Э. Молдалиев Кыргызстанда Панкратион федерациясын түзүп (1996), кеңири жайылтып, эл аралык мелдештерди уюштурган. 1997-ж. Кыргызстандын Панкратион чеберлери Россия, Израил, Япония, Корея Республикасы, Украина мамлекеттеринде эл аралык мелдештерге катышып, жакшы көрсөткүчтөрдү жаратышкан. Панкратиондун Кыргызстанда өнүгүшүнө Ж. Стамалиев, М. Куманов, 3. Сыргабаев, 3. Айдаров ж. б. спортчулар салым кошууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү