Панно (фр. panneau) ― 1) архитектуралык интерьердин дубалына киргизилген жасалга маанидеги живопись чыгармасы. Монументалдык дубалга тартылган сүрөттөн айырмаланып, П. боз кендирде катардагы живопистик техника менен дээрлик өзүнө дайындалган орунга карабастан аткарыла берет. 2) П. – скульптуралык рельеф же живопись менен толтурулган (сейрек башка каражаттар менен) жана жээктелип бөлүнүп турган дубалдын үстүнүн бир бөлүгү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү