Панорама (грекче pan – баары, horama – көрүнүш) – 1) живопистик башка көркөм каражаттар менен толукталган көркөм сүрөт искусствонун өзгөчө (диорама менен бирдикте) бир түрү. Диорамадан айырмаланып, П. ичинде көрүүчүлөр үчүн орундар бар, чоң цилиндрден турат. П. кеңири мейкиндикте болуучу ири окуяларды чагылдырууга ылайыкталган жана адатта согуштук тематикага арналат. П-нын шакек сымал тегерек живопись полотносун атайын ылайыкталган имаратта орнотушат жана ал ошол болуп жаткан чыныгы абалдын толук иллюзиясына эсептелген. Атайын берилген жасалма жарык көрүүчү менен чагылдырылып жаткан нерсенин ортосун реалдуу предметтерди же бутафорияларды, макеттерди киргизүү аркылуу иллюзияны күчөтөт (мисалы, Ф. А. Рубонун «Севастополду коргоо»). 2. П. сүрөттөлүшү жагынан абдан татаал, кеңири мейкиндикти өз ичине камтыган, пейзаждык мотив. Өтө чоң көлөмдө болбогондуктан, мындай пейзаж бөлүп-бөлүп көрсөтүүнү талап кылат. Термин натурага жана аны сүрөттөө үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү