Парамагнетизм (пара... жана магнетизм) – магнит талаасында жайгашкан парамагнетик заттардын талаанын багыты боюнча магниттелүү касиети. Парамагнетизм түшүнүгүн 1845-ж. М. Фарадей киргизип, бардык заттарды (ферромагнетиктен башкасын) диамагнетиктер жана парамагнетиктер деп бөлгөн. Парамагнетиктердин атомдору, молекулалары жана ядролору өздүк магниттик моменттерге ээ болот. Бирок сырткы талаа жок кезде бул моменттер баш аламан жайгашкан заттар үчүн мүнөздүү келип, жалпысынан алганда магниттелиши 1=0 болот. Сырткы магнит талаасынын өсүшү менен магниттелиш 1=хН законуна ылайык өсөт, мында х – 1 см3 көлөмдөгү заттын магниттик кабыл алуучулугу, парамагнетик үчүн х~Ю~7-10-4. Эгер сырткы талаа абдан чоң болсо, анда бардык парамагнетиктердин магниттик моменттери талаанын багыты боюнча багытталат да, магниттик каныгуу келип чыгат. Металлдардын парамагниттүүлүгү негизинен Паули парамагниттүүлүгү деп аталуучу эркин электрондорго тиешелүү болгон спиндик парамагниттүүлүк менен металлдардын кристалл торчолорун түзүүчү атомдордун (иондордун) электрондук кабыкчаларынын парамагниттүүлүгүнүн жыйынтыктоочусу аркылуу түзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү