Париж коммунасы (1871) - Пролетарийлердин биринчи революциясы жана жумушчу табынын биринчи өкмөтү.

Париж коммунасы.

18-марттан 24-майга чейин Парижде өкүм сүргөн. Бонапарттык режимдин 1870-71-жж. франко-прусс согушунда жеңилиши, үчүнчү республиканын өкмөтүнүн элге, улутка карты саясаты 18-мартта буржуазияны кулаткан Париж пролетариатынын көтөрүлүшүнө алып келген.

15-28-мартка чейин Улуттук гвардиянын борбордук комитети убактылуу революциялык өкмөт болгон. 28-мартта Париж коммунасысы жарыяланган. Париж коммунасы буржуазиялык мамлекеттик аппаратын жоюп, жаңы типтеги мамлекетти - пролетариат диктатурасын орноткон. Париж коммунасы мыйзам чыгаруу да, аткаруучу да орган болгон. Туруктуу аскерлердин ордуна элдин куралданышы киргизилген (Улуттук гвардия). Дин мамлекеттен ажыратылган. Калктын кеңири катмарын материалдык чыңдоо, эмгекти коргоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн Француз банкын улутташтыруудан коркуу, Париждеги контрреволюциячыл күчтөрдү жоюуда чечкинсиз аракет кылуу, дыйкандар менен биригүүнү баалабоо Париж коммунасынын кулашын тездеткен.

21-майда Версалдагы контрреволюциячыл күчтөр Парижде 28-майга чейин коммунарлар баррикадаларда салгылашкан. Париж коммунасы талкалоо контрреволюциялык террордун күчөшү менен уланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8