Париж тынчтык келиишми (1856) – Крым согушун (1853–56) жыйынтыктаган келишим. 1856-ж. Париж конгрессинде түзүлгөн. Келишим боюнча Россия менен Түркия женип алган аймактарын бири-бирине кайтарып беришкен. Кара деңиз бейтарап деп жарыяланып, анда Россия менен Түркия согуш флотун жана чептерди кармоо укугунан ажыраган. Өзгөчө конвенция боюнча Дарданелл менен Босфор аркылуу бардык чет мамлекеттердин согуш кемелеринин өтүшүнө тыюу салынган. Россия Дунайдын куйган жеринен жана Бессарабиянын түштүк бөлүгүнөн ажырап, Дунай княздыгына болгон протектораттыгы жокко чыгарылган. Париж тынчтык келишими падышачылыктын Европадагы жана Жакынкы Чыгыштагы өңүтүн начарлатып, кийин Чыгыш маселесинин курчушуна алып келген. 1870-ж. Франция Пруссия менен болгон согушта жеңилгенден кийин Россиянын тышкы иштер министри A. М. Горчаковдун циркулярында орус флотун Кара деңизде чектөөчү жобо жараксыз деп жарыяланып, ал 1871-ж. Лондон конференциясы тарабынан таанылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү