Париж тынчтык конференциясы

Париж тынчтык конференциясы (1919–20) – Биринчи дүйнөлүк согушта (1914–1918) жеңген мамлекеттер менен жеңилген өлкөлөр ортосундагы тынчтык келишимдердин долбоорун иштеп чыккан эл аралык конференция. Тыныгуулар менен 1919-ж. 18-январдан 1920-ж. 21-январга чейин Парижде өткөн. Ага Улуу Британия, Франция, АКШ, Италия, Япония ж. б. мамлекеттер катышып, АКШ, Улуу Британия, Франциянын үстөмдүгү алдында өткөн. Германия жана анын шериктештери алар менен түзүлчү келишимдин долбоору иштелип чыккандан кийин гана конференцияга катыша баштаган. Советтик Россия Париж тынчтык конференциясына чакырылган эмес. Париж тынчтык конференциясы Германия Версаль тынчтык келишими, Австрия Сен-Жермен тынчтык келишими (1919), Болгария Нёйи тынчтык келишими (1919), Венгрия Трианон тынчтык келишими (1920), Түркия Севр тынчтык келишими (1920) менен түзүлчү келишимдерди даярдап, Улуттар Лигасын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган. Париж тынчтык конференциясы даярдаган келишимдер Вашингтон конференциясы (1921–1922) кабыл алган келишимдер менен Версаль-Вашингтон системасынын негизин түзгөн. Париж тынчтык конференциясынын башкы катышуучулары Россияда совет бийлигин жоюу планын талкуулаган. Ошентип Париж тынчтык конференциясы эл аралык карама-каршылыктардын курчушун тездетип, Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышына түрткү болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү