Паротит эпидемиялык (кулак түбүндөгү бездин сезгениши) — вирус козгоочу жана шилекей бездерин (кулак түбүндөгү, кээде жаактын, тилдин астындагы) жабыркатуучу катуу кармама жугуштуу оору.

Паротит соо кишиге оорулуу чүчкүргөндө, жөтөлгөндө, сүйлөгөндө абага чачыраган шилекей аркылуу жугат. Чанда урунган буюм, оюнчуктар аркылуу жугушу мүмкүн. Мурун, ооз чел кабыгы аркылуу вирус канга өтүп, бүт денеге тарайт. Шилекей, жыныс жана уйку безинде чогулуп көбөйөт, кайта канга өтөт. Оору 9 күнгө чейин жугуштуу. Демейде, өзгөчө суук мезгилде (үчтүн айы — жалган куран) эпидемиялык мүнөзгө ээ. Көбүнчө 5—15 жаштагы балдар, кээде жаш балдар менен чоң кишилер да ооруйт. Ооруп айыккан адамда туруктуу иммунитет пайда болот.

Оорунун инкубациялык (жашыруун) мезгили 11—23 күнгө; көбүнчө 18—20 күнгө созулат. Оору башталардан бир нече күн мурда баш ооруп, тамак кызарат. Оору катуу башталып, температура 38—39°Сге чейин көтөрүлөт, кусуп, мурдунан кан кетет, булчуңдар тартылышы мүмкүн. 1—2 күндөн кийин кулактын түбү ооруп, тамак чайнай албай, шишип чыгат. Кулак түбүндөгү бездер адегенде бир жагы, 2—5 күндөн кийин экинчиси шишип ооруйт. Кээде ич катуу ооруп, өтөт же катат. Эгер температура кайрадан көтөрүлсө — ал кабылдоолордун (плеврит, нефрит жана отит) белгиси. Өтө оор кабылдоосу — мээнин же мээ кабыгынын сезгениши (к. Менингит, энцефалит).
Түрдүү кабылдоолорду ооруканада дарылоо сунуш кылынат. Оорулуу адамды төшөккө жаткырып, жакшы багуу, суюктукту (чай, шире, минералдуу суулар) көп берүү керек. Жабыркаган бездин тушуна кургак жылуу басуу сунуш кылынат; тамактангандан кийин оозду марганцовканын, соданын, бор кислотасынын эритмеси менен чайкоо талапка ылайык. Оорулууну 9 күн өзүнчө бөлүп кармайт. Ооруган бала барып жүргөн бакчада 21 күн карантин жарыяланат.
Мурда Паротит менен оорубаган бала оорулуу менен жолукса балдар мекемелерине 11 күндөн 21 күнгө чейин алынбайт.

Оорунун алдын алуу үчүн балдарга 15—18 айлык кезинде ага каршы эмдөө жүргүзүлөт, к. Балдардын жугуштуу оорулары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8