Партеногенез (грек."партенос"-кыз бойдон тургандык, "генез"-туулуш) бул организмдердин жыныссыз көбөйүүсүнүн өзгөчө жолу.
Организм уруктанбаган жумурткадан өсүп чыгат. Организмдердин партеногенез жолу менен көбөйүүсүн XVIII к-да швед окумуштуусу Ш.Бонн ачкан. Өсүмдүктө мындай жол менен көбөйүү апомиксис деп аталат. Жаратылышта табигый партеногенез кээ бир өсүмдүктөр, мисалы, каакымда, ошондой эле жаныбарларда: курттарда, курт-кумурскаларда, рак сымалдарда, балыктарда, кескелдириктерде жолугат.

Ортодо Кнемидофорус неомексиканус (англ). жыныссыз ургаачы, тукумун партеногенез менен көбөйтөт;Эки четинде: Кнемидофорус инорнатус (англ.) солдо жана Кнемидофорус тигрис (англ.) оңдо, гибридизация жол менен кайчылаштырылган. Натыйжада К. неомексиканус чыккан

Бөлүнүшү түзөтүү

Партеногенез гаплоиддик жана диплоиддик түрдө болот.

Гаплоиддик партеногенез түзөтүү

Партеногенез гаплоиддик абалында жумуртка клеткасында өрчүйт..Мындай өрчүгөн организмдер жалаң эркек же жалаң ургаачы же болбосо эки тең жыныстуулардан болот. Организмде жыныстардын пайда болуусу хромосомалык жыныстын пайда болуусуна байланыштуу. Мисалы: аарынын, мите жырткыч аарынын, кененин эркектери партеногенез жолу менен пайда болот.

Диплоиддик партеногенез түзөтүү

Ал эми суу бүргөсүнүн ургаачылары диплоиддик, эркектери болсо гаплоиддик болот. Суу бүргөсүнүн дагы бир кызык жагы, жашоого ыңгайланышуусуна шараша мейоздук бөлүнбөйт жумуртка клеткасы диплоиддик болот. Зоока кескелдиригинде партеногенез жолу менен көбөйүүсү башкача жүрөт. Зоока кескелдиригинде мейоздук бөлүнүүнүн алдында жыныс безинде митоз жолу менен бөлүнүүнүн натыйжасында хромосомалардын саны көбөйөт, андан мейоздук бөлүнүү өз ирети менен жүрөт. Бул учурда диплоиддик жумуртка клеткалары уруктанбай эле жаңы ургаачы муундары пайда болот.

Көбөйүү мезгил түзөтүү

Көптөгөн жаныбардын көбөйүүсү белгилүү мезгилге байланыштуу, мисалы, чөп биттери, суу бүргөлөрү, бурмалардын ургаачылары жазында партеногенез жолу менен, ал эми күзүндө болсо уруктануу жолу менен көбөйөт.
Чыныгы партонегенез жолу менен көбөйүүчүлөрдүн, жумурткалары уруктануусуз өрчүйт, мисалы, кавказда жашоочу зоока кескелдириги, мындай көбөйүүчүлөрдө эркек жана ургаачысынын бири-бири менен табышуулары кыйын болсо керек.
Канаттуулардын күрптүн кайсы бир асыл тукумунун партонегенез жолу менен көбөйүүсү байкалган, алардын жумурткадан чегилип чыккан балапандары жалаң эркек болгон.
Мындан бир нече жыл мурун проф. Астауров Б.Л. жасалма партонегенез жолун иштелип чыккан. Бул окумуштуу жасалма партогенезде жибек куртунун бел суусуна тийбей туруп, жумуртканын демилгелүүлүгүн жогорулатуу үчүн механикалык, хим., жылуулук жана электрдик шарттар менен таасир эткен. Бул окумуштуунун тажырыйбасынын негизинде жибек курту менен көбөйүп партоногенез жолу буласы өнөр жайлык жол менен алынган.
Азыркы изилдөөлөрдүн натыйжасында сүт эмүүчүлөрдүн (коендун) уруктана элек жумурткасынын демилгелүүлүгүн жогорулатуу жолу иштелип чыгууда, мындай тажырыйбалардын иштелип чыгышынын иш жүзүндө мааниси чоң.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. "Биология" энциклопедиялык окуу куралы. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4