Партизан (фр. partisan ) – 1) эларалык укук боюнча, өз атамекенинин эркиндиги менен көзкарандысыздыгы үчүн душман басып алган (өкүмдар бийлик көзөмөлдүк кылган) аймактагы уюшулган партизандык күчтөрдүн катарында өз эрки менен согушуп жаткан адам. Эгер алар тарабынан төмөндөгү шарттар канагаттандырыла турган болсо, П-дар комбатант болуп саналат: кол алдындагылардын жоопкерчилигин алган жак башында турса; тийиштүү деңгээлде уюштурулса; айырмалоочу белгилери болсо; курал-жарактарын ачык алып жүрүшсө; согуш мыйзамдары менен согуш каадаларын сакташса. Убактылуу басып алынган аймактагы согуштук аракеттерге катышкан Улуу Атамекендик согуштун катышуучулары да П-дардын катарына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү