Патиссон (Cucurbita реро var patisson) – өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумунун бир түрү. Бир жылдык жашылча өсүмдүгү. Тамыр системасы жакшы өөрчүп, өзөк, каптал жана кошумча тамырлардан турат. Сабагы жоон. Жалбырагы чон, катуу, 3 же 5 бурчтуу, кээ бир сортторунун жалбырагында ак тактар бар. Гүлдөрү бир үйлүү, айрым жыныстуу, чоң, сары, өзөк сабагы менен каптал бутактарына бирден жайгашкан. Мөмөсү коңгуроо, тарелка же тегерек жалпак ашкабак сымал формада; өңү сары, ак же жашыл. Патиссон жылуу жерде жакшы өсөт. Анын өсүшү үчүн оптималдуу температура 26–27°С. Суукка туруксуз. Көпкө созулбаган (1–2 сааттык) –1°С суукта үшүк уруп кетет. Патиссон өзгөчө тегиз гүлдөп, мөмө байлай баштаганда нымды көп талап кылат. Мөмөсүндө 6–6,5% кургак зат, 2,5–2,9% кант, 20–30 мг % С витамини болот. Уругунда май көп, сантонин бар. Тамак-ашка 4–8 күндүк бышып жетиле элек мөмөлөрү керектелет. Андан консерва жасалат. Тамак-ашка жарабай калгандары (мисалы, өтө бышып кеткендери) мал үчүн ширелүү тоют. Патиссон уругунан же көчөтүнөн өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү