Пегматит (грекче pegmatos – биригүү, бекем байланыш) – негизинен тарамдар түрүндөгү интрузия тоо теги. Кычкылдуулугу Si02 >75%, өңү кызгылтым, ачык боз,күрөң, саргыч ж. б. Толук кристаллдуу ири бүртүкчөлүү структурага жана эвтектоид текстурасына ээ. Салмагы 2,5–2,7. Касиеттери жана өзгөчөлүктөрү: тоо текти түзгөн минералдардын өлчөмү ири; курамында суу, фтор, хлор, бром ж. б. жеңил (оңой уччу) компоненттүү минералдар арбын; минералдык курамы татаал жана ар түрдүү (негизги минералдары: талаа шпаты, кварц жана слюдадан башка Li, Rb, Cs, Be, Mb, Ta, Zr, Hf, Th, U, Sc ж. б. сейрек жана чачынды элементтердин минералдары көп); курамында талаа шпатынын метасоматоздук өзгөрүшүнөн жана гидролиз процесстеринен пайда болгон минералдар өтө арбын. Тарам, линза, уя түрүндө жайгашат. Пегматит тарамдарынын калындыгы жүздөгөн мте, узундугу бир нече кмге жетип, 1 кмден ашык тереңдикке созулат. Адатта Пегматиттер топтошуп, пегматит талаасын пайда кылат. Анын аянты ондогон км2 келип, андагы тарамдардын саны бир нече миңге чейин жетет. Гранит интрузиялары менен байланышкан гранит Пегматит кеңири таралган жана практикалык мааниси чоң. Алар өз ичинен бир нече типке: слюдалуу, сейрек металдуу, хрусталдуу Пегматит деп бөлүнөт. Слюдалуу Пегматит өтө тереңде (6 кмден ашык) пайда болуп, башка Пегматиттерге салыштырмалуу минералдык курамы жарды. Негизинен плагиоклаз, микролин, кварц, мусковит, биотит, кара турмалин, апатит жана бериллден түзүлгөн. Сейрек металдуу Пегматит орточо терендиктерде (4–6 км) калыптанып, курамында микролин, кварц, альбит, айрымдарында сподумен, мусковит, лепидолит жана берилл, ошондой эле түстүү турмалин, колумбит, танталит, касситерит, полуцит ж. б. кездешет. Хрусталдуу Пегматит 3–4 км тереңдиктерде калыптанып, курамында микроклин, кварц, ошондой эле альбит, мусковит жана биотит бар. Пегматиттин пайда болушу жөнүндө ар кандай пикирлер: оңой уччу компоненттерге бай калдык магманын узак убак бою кристаллданышынан (A. Е. Ферсман), кристаллдануу дифференциациясы менен катар эле эманациядан (К. А. Власов), метасоматоздон (У. Т. Шаллер, Г. Хесс ж. б.), гидротерм эриндисинин таасиринен майда кристаллдуу магма тоо тектеринин кайра кристаллдануусунан (A. Н. Заварицкий ж. б.) Пегматит пайда болот деп эсептешет.

Пегматит.
Пегматит.

Колдонулган адабияттар түзөтүү