Перикардит (латынча pericarditis – жүрөк кабы) – жүрөк кабынын (перикарддын) сезгениши. Кишиде жугуштуу Перикардитти кокктор, вирустар, тубер- кулёздун микробактериялары ж. б. козгойт. Кызыл жүгүрүк Перикардити көп кездешет. Перикардит жугушсуз уремиядан,, миокард инфарктынан, травмадан, операциядан кийин да болот. Перикардит кургак жана суулуу (жүрөк кабына суюктуктун толушу) болуп бөлүнөт. Кургак Перикардитте оорулуунун жүрөгү ооруйт, тез-тез согот, эти ысыйт, чыйрыгат, алы кетет, канынын курамы өзгөрөт. Суулуу Перикардитте оорулуу демигет, жүрөктүн дабышы начарлайт. Дарылоо аны пайда кылган ооруга жараша жүргүзүлүп, антибиотик, сезгенүүгө каршы дарылар колдонулат. Жүрөктүн кабына суу толсо, ийне менен сордуруп алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү