Периодонтит — тиштин түбүн курчаган ткандардын сезгениши.

Ал пульпиттин кабылдоосунан, тиштин түбүн катуу бир нерсе менен (мисалы, данек, жаңгак чагып) айыртып же катуу урунуудан тиш түшүп же сынып калганда, аны дарылоодо көңдөйүнө коюлган мышьяктуу паста узакка алынбай калганда, андан ары дарылоого врачка убагында барбоодон пайда болот. Ошондой эле тишке оор күч келтирген цирк артисттеринде (кесиптик) көп жолугат; жасалма тишти туура эмес салганда да болот.
Периодонтитте тиш сыздап ооруп, аны басканда, кээде тилди тийгизгенде күчөйт, бүйлө шишимик тартып кызарат.
Мындай учурда врачка барганга чейин ооруну убактылуу жеңилдетүү үчүн соданын эритмеси (1 стакан сууга 1 чай кашык) же ромашка, шалфейди кайнатып чайкап, анальгин ичүү керек. Жылыткыч же ысык нерсе басууга болбойт, андан сезгенүү күчөп, шишип кетет.
Дарылоону врач-стоматолог жүргүзөт.
Катуу ооруганы басылса да врачка кайрылуу зарыл, себеби аны аягына чейин дарылабаса өнөкөт болуп, ал жерге инфекция чогулуп, организм бир аз начарлаганда, грипп болуп, учук чыкканда ал кайра кармайт.

Алдын алууда ооруган тишти өз убагында дарылоо, тишке күч келтирбөө (мисалы, жаңгак, данек жана башкаларды чагууга болбойт) өтө маанилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8