Перманганатометрия – эритмедеги өзгөрүлмө валентүү элементтерди KMnO4 стандарттуу эритмеси менен титрлеп аныктоо методу. П. төмөнкү реакцияларга негизделет: MnO4- + 8H++ 5 e D DMn2++4H2O жана MnO + 2H2O + 3е- D MnO2 + 4OH Окистендиргич стандарттык потенциалы 1-реакция боюнча +1,52в, 2-реакция боюнча +0,57в, титрант катары KMnO4 0,1 н. же 0,05н. эритмелерин колдонот. Титрлөөнүн акыркы чекинтин MnO4- ионун түсүнүн жоголушу же пайда болушу боюнча аныктайт. Эгерде титрант өтө суюлтулган эритмеси колдонулса, титрлөөнун акыркы чекитин редокси индикаторунун жардамы менен аныктайт. П. Fe2+, Ti3+ иондорун, оксалаттар, арсениттер, иодиддер, бромиддер, нитриттер, фосфиддер, пероксиддерди сульфиддер, сульфиттер, тиосульфаттар, гидразин жана көптөгөн органикалык  бирикмелерди щелочтук чөйрөдөн аныктоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү