Персия архитектурасы مهرازی (معماری) ایرانی түзөтүү

Персия архитектурасы же Иран архитектурасы — азыркы Ирандын аймагында жана Персиянын маданий гегемониясына туш болгон мамлекеттердин архитектуралык стилинин ар түрдүүлүгү болуп эсептелет. Перс архитектурасы тууралуу алгачкы чыгармалар биздин эрага чейинки III миң жылдыкта пайда болгон. Перс архитектурасынын географиялык үлгүлөрү Түркиядан тартып, батышында Түндүк Индия жана чыгышында Кытайдын чек арасына чейин, түндүгүнөн Кавказ жана түштүгүнөн Занзибарга чейин жайгашкан.

Тарыхы түзөтүү

Ирандын Ахеменид дооруна чейинки архитектурасы түзөтүү

Тарыхка чейинки доор түзөтүү

Адам баласы азыркы Ирандын аймагында байыркы мезгилдерден бери эле жашап келет: Кашафруд жана Ганжи-Пардагы казууларда табылган алтын, зер буюмдар төмөнкү палеолит дооруна таандык. Ирандын түштүк-батыш бөлүгү жемиштүү келип, жарым ай аймагында жайгашкан, ошондуктан Иранда алгачкы келгиндер биздин эрага чейинки 8-миң жылдыктарда пайда болгон. Мисалы, Шахре-Сухте жана Суз шаары азыркыга чейин бар. Ирандагы алгачкы адамдардын пайда болуусу менен Ирандын архитектурасы да түптөлө баштаган.

Элам түзөтүү

Биздин эрага чейинки III миң жылдыктын башында азыркы Ирандын түштүк-батыш провинцияларында отурукташкан Элам мамлекети түзүлгөн. Элам цивилизациясы тарабынан өздөрүнүн жазуусу жана искусствосу пайда болгон. Биздин күндөргө чейин жеткен эламдык архитектуранын негизги үлгүсү Чога-Занбилдеги зиккурат болуп саналат. Ал азыркы сакталып калган зиккураттардын эң чоңу. Бул имараттын бийиктиги 25 метрге, бир тарабынын узундугу – 105 метрге жетет. Зиккурат биздин эрага чейинки 1250-жылдары Элам Унташ-Напириш тарабынан улуу Кудай Ишушинактын урматына курулган. Дагы эки зиккураттардын урандылары Тепе-Сиалкта сакталып калган. Божомолдорго ылайык, алар да эламиттер тарабынан салынган.

Мидия түзөтүү

Биздин эрага чейинки IX кылымда иран тилдүү мидиялыктардын уруулары азыркы Иран мамлекетинин түндүк-батыш аймагына басып киришкен. Андан соң биздин эрага чейинки VI-VII кылымдарда алар эбегейсиз кубаттуу Мидия мамлекетин курушкан. Азыркы учурда ишенимдүү түрдө мидиялыктарга таандык деп айта турган бир да имарат жок. Демек, Мидия архитектурасынын тарыхы тууралуу археологиялык казуулардын натыйжасында жана кошумча маалыматтарга таянып гана айтууга болот. Алардын бири – бул Кишессу шаары жана Хархар чебинин сүрөтү тартылган ассириялык барельефтер. Рельефтерге карап мидиялыктар өздөрүнүн шаарларын көп метр бийик кылып курулган тиш формасындагы көп катарлуу дубалдар менен коргогон деп айтууга болот. Мындай божомол айтууга Геродоттун “Экбатан жети катар дубал менен тосулган” деп жазгандыгы далил болот. Мидиялыктардын курулуштарынын пландарын археологиялык казуулардан да байкаса болот. Мисалы, Баба Жан деп аталган согуш талаасына арналып курулган чептин ортосунда парад залы болгон жана анын жыгач тосмолору кооздолуп жасалган. Сыягы, бул зал маркумдарды акыркы сапарга узатуу үчүн колдонулса керек. Ушундай эле залдар форт жана храм жайгашкан Гобин Теппе жана Нуш-и Жан чептеринде да табылган. Эң эски имарат болуп ичи үч бурчтуу алтар менен ромб формасында салынган храм болуп эсептелет. Ал башка эки курулушка чейин эле курулган. Сыягы, бул храм отко сыйынуучулар тарабынан колдонулушу мүмкүн. Казуулардын натыйжасында аныкталган мидия архитектурасынын өзгөчөлүгүнөн Урартуда кездешкен туюк терезелерди жана ассириялыктардыкына жакын аткычтар үчүн курулган буталарды бөлүп көрсөтсө болот. Айрым изилдөөчүлөр мидиялыктарды азыркы Ирандын Курдстан провинциясында кездешкен байыркы мүрзөлөрдүн ээси деп аташат. Бирок бул божомол ошол мүрзөлөрдүн биринин да датасы белгисиз болгондуктан, талаштуу деп эсептелет.

Ахеменид архитектурасы түзөтүү

Пасаргаддар түзөтүү

  • Кирдин мавзолейи

Биздин эрага чейинки V кылымдын ортосунда перс падышасы Кир мидиялыктарды жеңет жана Ахеменид империясын түзөт. Андан соң биздин эрага чейинки 546-жылы Кир өзүнүн империясынын жаңы борбору кылып Пасаргад шаарын түзөт. Пасаргаддын тегерегине толук бойдон дубал коргондор салынган эмес, себеби бул шаар тоолор курчаган аймакта жайгашкан жана бир капталы чоң блок түрүндөгү ассирия архитектурасынын стилиндеги чеп менен корголгон. Шаардын батыш тарабында анча чоң эмес камераны элестеткен Кирдин алты кырлуу пирамида формасындагы таш блоктордон турган күмбөзү (3,16 Х 2,18 м), бар. Кийинчерээк бул күмбөз коргондун ичинен чогултулган бир нече колонналар менен курчалган.

Персеполис түзөтүү

  • Ислам Персиясынын архитектурасы

Перс империясынын араб жоокерлеринин соккусу менен кыйрашы Ирандагы жаңы, диний архитектуранын түзүлүүсүнө алып келген жана анда курулуштардын негизги өзгөчөлүгү имараттар жана мечиттер деп эсептелет. Буга каллиграфия, кесүү искусствосу жана мозаика таасир берген. Ислам дүйнөсүнүн архитектурасына археологиялык казуулар жана сасанид доорунун имараттары таасир тийгизген. Арабдар басып алгандан кийинки Ирандагы биринчи орунга чыккан архитектуралык стиль “хорасан стили” болгон жана анын үлгүсү катары Нандагы мечит (IX к.) менен Исфахандагы жума мечити ((VII к. , кийинчерээк бул мечит кайра оңдолуп курулган). Бул стилдеги акыркы имараттар X кылымда курулгандыгы айтылууда. Мындан тышкары ага Ирандагы эң байыркы мечиттердин арасынан сакталып калган жана VIII кылымдагы зороастризм доорундагы имараттан кайра курулган Тарихан мечити да саналат. X—XI кылымдарда «Рази» стили пайда болуп, анын өнүккөн борбору катары Рей шаары эсептелип, Зияриддердин жергиликтүү династиясы анын өнүгүүсүнө көмөк көрсөткөн. Бул стилдин кыйроосу XI кылымдын соңуна туш келет жана ортоазиялык династиялар Хорезмшах жана Газневиддер кыйратуучу сокку урган согуш менен байланыштуу. Бул стилдин эң белгилүү эстелиги Зияриддердин 55 метрлик Гонбад-э Кавус деп аталган эстелиги саналат. Орто Азияда бул стилдеги эстеликтердин бири болуп Исмаил Саманинин бухара мавзолейи эсептелет. Андан кийинки мезгилдеги Ирандын архитектуралык стили “Азери” (“азербайжанча” ) имараты саналат жана ал XII—XVI кылымдарга таандык, бул стилдеги имарат эбегейсиз чоң көлөмү жана чоң диаметрлүү куполдордун колдонулушу менен айырмаланат. Бул стилдин бир мисалы катары Тебриздеги Исмаил Кодабенденин жана Самарканддагы Бүбү-Ханумдун мавзолейлерин атаса болот. Иран шахтарынын доорундагы акыркы архитектуралык эстелик катары “Исфахани” эсептелет. Мындай имараттар алгачкы ирет XVI кылымда Сефевиддердин такка отуруусунан башталат. Андыктан бул имараттар Ирандын мурдагы борбор шаары Исфахандын көркүн чыгарып, негизги перс аянты Нахше-жахан курулган.

Ирандын азыркы архитектурасы түзөтүү

Иранда азыркы учурга ылайык деп аталган архитектура Пехлевилердин династиясынын тушундагы XX кылымдын 20-жылдары пайда болгон. Иранда Ирандын улуттук музейинин жаңы корпусун түзгөн чет элдик архитекторлор, мисалы Андре Годарддан тартып, атамекендик, мисалы Иран сенатынын имаратынын долбоорун иштеп чыккан Хейдар Гийяиге чейинки архитекторлор бар. 2007-жылы Ирандагы эң бийик имарат болуп саналган, дүйнөдөгү телемунаралардын арасынан узундугу боюнча 6-орунду ээлеген Миллад мунарасынын курулушу бүткөн.

Ирандын бүткүл дүйнөлүк мурска кошкон салымы түзөтүү

Ирандын аймагында жайгашкан тарыхый калдыктар түзөтүү

  • Арг-е Бам, Кермань
  • Имам аянты, Исфахан
  • Пасаргаддар, Фарс
  • Персеполь, Фарс
  • Дур-Унташ, Хузестан
  • en:Takht-eSoleyman, Батыш Азербайжан
  • Сольтаниедеги мавзолей, Зенжан
  • Бехистун жазуусу.

Ирандан сырткары жайгашкан тарыхый калдыктар түзөтүү

  • Тадж-Махал, Индия— Улуу Моголдордун династиясы учурунда курулган
  • Хумаюна күмбөзү, Индия
  • Жам минарети, Афганистан
  • Кожо Ахмед Ясави Мавзолейи, Казакстан
  • Бухаранын тарыхый борбору, Өзбекстан
  • Шахрисабз тарыхый борбору, Өзбекстан
  • Самарканд— маданияттардын ордосу, Өзбекстан
  • Дербент дубалы, Нарын-Калажана Дербент шаарынын бир бөлүгү, Дагестан.

Эскертүүлөр түзөтүү

Иран Ирхитектурасы Байыркы дүйнөнүн архитектурасы. Хплпахчьян О.Х. 2-чыгарылыш, Москва 1970, Байыркы чыгыштын искусствосу Афанасьева В.К. Москва: Искусство 1977 Edith Porada. The Art of the Medes 2012-жыл

Адабият түзөтүү

Архитектура