Перулуктар (өздөрүн перуанос деп аташат) – Латын Америкасындагы эл, Перунун көп сандуу калкы. АКШ, Испания, Германия, Латын Америкасынын айрым өлкөлөрүндө да жашашат. Испан-индейлердин аргын тукумдарынан (метистерден) куралган. Жалпы саны 14,25 млн киши, анын ичиндекалктын 48,24% и Перуда; калгандары – индейлер: кечуа 47%, аймара 3%ке жакын, сельв уруулары (кампа-ашанинка, агуаруна, шипибо-конибо, кокама-кокамилья, чаяуита, тикуна, мачигенга ж. б. 2%) (2009). Испан жана кечуа тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – католиктер. Перулуктардын этностук негизин инктер башында турган кечуа уруулары түзгөн. 1532–72-жылдары индейлердин өз ара согуштарынан пайдаланып, испандар инктердин мамлекетин басып алып, Перу вице-королдугун негиздеген. Өлкөнүн калкы төрт этностук-расалык топко бөлүнгөн: креолдор (Перуда төрөлгөн испандардын тукумдары), испан-индей аргындары, индейлер жана Европа өлкөлөрүнөн келген мигранттар. Перулуктар негизинен Коста жээктеринде (испандар жана креолдордун бир бөлүгү), Сьерра тоолорунда (креолдор жана кечуалар) жана Сельва тропикалык токойлорунда (индейлер) жайгашкан. 18-кылымдын аягында Перуда эркиндик үчүн күрөш күч алып, 1821-ж. көз каранды эместик жарыяланган. Перулуктар дыйканчылык, мал чарбачылык жана балык уулоочулук менен кесиптенишет. Тамак-ашы негизинен меке жүгөрү жана картошкадан, ошондой эле лама, кой жана уй этинен даярдалат. Жүгөрүдөн жасалган - ииско жана чича ичимдиктери кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү