Пестициддер – (латын тилинен   Pestis- жугуштуу жана caedo – жок кылуу) – өсүмдүк илдеттерине, отоо чөптөргө, жыгач, жүн, тери, дан жана дан азык-түлүктөрүнүн зыянкечтерине, мал мителерине, ошондой эле адам жана жаныбарлар коркунучтуу ооруларын таратуучуларга каршы күрөшүү үчүн колдонуулучу химимялык  каражаттар. П. орг., органикалык  эмес бирикмелер ар кандай тобу кирет. Таасир этүү объектилерине жараша П.: гербицид, инсектицид, зооцид, фунгицид, бактерицид, лимацид, дефлорант, ретардант, реппелент, дефолиант, десиканттар. Гербициддер – айыл чарбада отоо чөптөрүн жок кылуу үчүн колдонулат. Инсектициддер – зыяндуу курт- кумурскаларга каршы күрөшүүдө, (чычкан, арс чычкан, суур ж.б.); фунгициддер – өсүмдүктөр козу-карынча ооруларын козгоочуларына каршы күрөшүүдө; бактерициддер – өсүмдүктөр бактерия ооруларына каршы; лимациддер – ар түрдүү топтогу моллюскаларга каршы, ашыкча гүлдөрүн жок кылууда; өсүү процессин теске салууда; курт-кумурскаларды, кемирүүчүлөрдү жана башка коркутуп качыруу үчүн; жалбырактарын кургатуу үчүн; өсүмдүктөрдүн жалбырактарын түшүрүүдө колдунат. П. адам жана жаныбарга (аары, кумурска) зыяндуулугу аз, ал эми зыянкечтерге уулуу таасири жогору болуш керек. П. зыянкечтерге ичеги–карын, тери, дем алуу жолдору ж.б. аркылуу өтөт. П. ашык берилсе өсүмдүктү күйгүзүп, түшүмдүүлүгүн азайтат. Пайдалуу курт-кумурскаларга зыян келтирбөө үчүн үрөндү себүү алдында П. менен дарылоо натыйжалуу. П. атайын айыл чарба машиналарынын же авиациянын жардамы менен чачылат. П. менен иштөөдө атайын кийим берилет, ооруулуу адамдарды, 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдү, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдарды иштетүүгө тыюу салынат.

Кудайбергенов Т.Т.

Колдонулган адабияттар түзөтүү