Беренс Петер (14. 4. 1868-27. 2. 1940) - немис архитектору, сүрөтчү-конструктор. Карлсруэ, Дюссельдор факультетинде окуган (1886-89).

Живописчи, график жана жасалга өнөрүнүн устаты катары таанылган. 1891-99-ж. Мюн-хенде, 1900-03-ж. Дармштадтта иштеген. 1903-07-ж. Дюссельдорфтогу көркөм өнөр мектебине жетекчилик кылган. Берлиндеги (1909-12), Оберхаузендеги (1921-25), Хехстеги (1925-26) заводдор менен өнөр жай курулуштарын тургузган. Беренстин акыркы иштери функционализмдин духунда ишке ашырылган (Линцедеги тамеки фабрикасы, 1932-36).

Беренс - европалык жаңы архитектуранын негиз салуучуларынын бири, анын өнөрканасында Ле Корбюзье, В. Гропиус, Л. Мис ван дер Роэ сыяктуу дүйнөгө белгилүү архитекторлор иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.