Петти Уильям (26. 5. 1623, Хэмп­шир, Рамси — 16. 12. 1687, Лондон) — англ, экономист, классикалык саясий экономияны негиздөөчү.

  • Лей­ден, Париж, Оксфорд ун-ттеринен мед. билим алган.
  • 1647-ж. нускалама машина ойлоп чыгарган.
  • Физика илимд. доктору (1649), анатомия жана музыка боюнча проф. (1651).
  • Көрүнүктүү эмгектери: «Салык жана жыйым жөнүндө трактат» (1662), «Соз акылмандарда» (1665), «Ирландиянын сая­сий анатомиясы» (1672) ж. б.
  • Петти нин алгачкы чыгармалары меркантилизм идеясынын таасиринде жазылса, кийинчерээк ал андан баш тартып, байлык товар жүгүртүүдөн эмес, аны өндүрүүдөн чыгат деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.