Пи(п) — математикада белгилүү иррационал санын айлананын узундугунун анын диаметрине болгон катышын белгилөө үчүн колдонулган грек алфавитинин тамгасы (с/2R=п).

  • Пи чексиз мезгилсиз ондук бөлчөк түрундө жазылат: 3,1415 9265... Бул санды биринчи жолу англис математиги У. Жонсон (1706) п деп белгилеген.
  • Немец математиги И. Ламберт жана француз математиги А. Лежандр П иррационалдык сан экендигин далилдеген.
  • 1882-ж. немец математиги Ф. Линдеман П—трансценденттик сан. б. а. эч кандай бүтүн коэффициенттүү алгебр, теңдемени канааттандырбай тургандыгын көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.