Пиперидин, гексагидропиридин, пентаметиленимин, гетероцикддүү бирикме, амин жыттанган түссүз суюктук, балкып эрүү t 10,5°С, кайноо t 106,4°С, тыгызд. 0.8606 г!см3, көпчүлүк органикалык  эриткичтер жана суу менен жакшы аралашат, күчтүү негиз болуп, туздарды — хлоргидраттарды пайда кылат. К-талар хлорангидриддери, ангидриддери менен реакцияга кирип, М-ацил туундуларын пайда кылат. Циклдин ачылышы менен жүргөн реакциясы мүнөздүү реакцияларынын бири. Пиридин катализаторунун жардамы менен гидрирлөө, өндүрүштө пиридин электр-хим. калыбына келтирүү П. алуунун негизги методунун бири. Михаэл жана Кневенагед реакцияларына катализатор катарында колдонулат, андан алынган заттар мед-да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү