Пиреней тоолору (исп. Pirineos, фр. Pyrénées) – Европанын түштүк-батышындагы тоо системасы. Испания, Франция, Андорранын аймагында, Бискайя булуңунан Жер Ортолук деңизге чейин 450 кмге созулат. Пиреней жарым аралын Ортонку Европадан бөлүп турат. Эң бийик жери 3404 м (Ането чокусу). Пиреней тоолору монолитүү кыр зоналуу альп бүктөлүш системасына кирет; альп рельефтүү кырка тоолор, жалпак чокулуу орто бийик тоо массивдери басымдуу. Чыгышында кырка тоолор жапыздайт, тоо аралык ойдундар бар. Ашууларынын бийиктиги 1500–2000 м. Батышы негизинен акиташ тегинен, борбордук жана чыгыш бөлүктөрү кристаллдык тоо тектерден турат. Карст процесси өөрчүгөн. Темир, марганец, боксит, күрөң көмүр кендери бар. Пиреней тоолору – түндүгүндөгү мелүүн климаттан түштүгүндөгү жер ортолук деңиздик субтропикти бөлүп туруучу маанилүү табигый чек. Жылдык жаан-чачыны батыш жана түндүк капталдарында 1500–2400 мм, түштүгүндө 500–700 мм. жалпы аянты 40 км2ге жеткен 70тей мөңгүсү бар. Пиреней тоолорунан Гаронна, Адур дарыялары, Эбро дарыясынын сол куймалары башталат. Түндүк капталдарында эмен жана ийне жалбырактуу токойлор, түштүгүндө жер ортолук деңиздик типтеги дарак-бадал өсүмдүктөрү (маквис, гарига, томилляра) өсөт. Улуттук парктары: Ордеса (Испания), Пиреней (Франция). Тоо туризми, алыганизм, кышкы спорт жана эс алуу борборлору өнүккөн. Пиреней Variscan (Hercynian) ичинде туруп, гиргештиктер, анан иш жүзүндө Мезозой жоголуп, жана бир топ тоо-гималай эсе курдун бөлүгү катары Кайнозой доорунда кайра тирилген.[1]

Пиреней тоолору.
Пиреней тоолору.

Жазуулар түзөтүү

  1. Пиреней - Иберия жарым аралынын түндүк тоо кыркаларынын бир топ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү