Пиримидин (3-диазин) – курамы C4H4N2 болгон, циклде эки азоттун атому бар гетерициклдүү бирикме: 4

Пиримидин.

5 N3

6 2

N

1

П- кадимки шартта 22оС балкып эрип, 124оС кайноочу, сууда жакшы эрүүчү кристалл. Ал начар негиздүүлүк касиетке ээ болгон ароматтык бирикмеге тиешелүү. П. мол-сындагы азот атомдору терс электрлүүлүгү жогору болгондуктан, алар циклдеги электрондук булуттарды өздөрүн көздөй тартып, пиридинге салыштырганда П. ядросундагы көмүртек атомундагы электрондун тыгызд-н алда канча азайтат; айрыкча анын мол-сындагы 2-, 4- жана 6- көмүртек атомундагы электрондор тыгызд. аз болот. Демек, нуклеофилдик реагенттер. П. 2-,4- жана 6- көмүртек атомундагы суутек атомдору менен орун алмашса, электрофилдик реагенттер электрондук тыгызд. бир аз көбүрөөк болгон 5-көмүртек атомундагы суутек атому менен орун алмашат. П. шакекчеси В1 витамининин, айрым бир коэнзимдердин, антибиотиктер курамдарында болот. Анын окси- жана амин туундулары П. негиздери деп аталып, маанилүү биологиялык активдүү заттарга тиешелүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү