Пиротехника (грекче πῦρ (pýr) – от жана техника) – техниканын от чыгаргыч курамды жасап даярдоо жана аны буюмдарга дүрмөттөө үчүн колдонууга байланыштуу тармагы. Аскердик максаттагы, өнөр-жайыдагы, айыл чарбасындагы Пиротехника болуп айырмаланат. Аскердик максатта жарыктандыргыч пиротехникалык курам (ПК), фото аралашма, багыт билдиргич жана сигналдык, күйгүзмө, ошондой эле түтөтмө ПК колдонулат. Өнөр жайдагы термиттик ПК рельсти, түтүктү, электр зымдарын, өндүрүштөгү түрдүү куймаларды ширетүү үчүн колдонулат. Айыл чарбадагы ПК өсүмдүктөргө түтүн каптатуу, айыл-чарба зыянкечтерин жок кылуу, жашылча сактагыч жана вино челектерин дезинфекциялоо ж. б. максаттар үчүн пайдаланылат. Оюн-зоок өткөрүүдө фейерверктик ПК, мисалы, бенгаль шамы, хлопушка, ракета, фонтан, салют ж. б. түрлөрү колдонулат. Пиротехникалык эффект компоненттерди майдалоо даражасына, жакшы аралаштырылышына, ПКнын тыгыздалыш даражасына, ошондой эле буюмдун конструкциясына жараша болот. Компоненттерди аралаштырууда жана ПКны тыгыздоодо учкун пайда болуп, өрт чыгышы мүмкүндүк ПКны картон же металл гильзаларга толтурууда пресстөө жолу колдонулат. Бул иштерди жүргүзүүнүн бардык учурларында коопсуздук үчүн атайын чара көрүлүпгү керек жана өтө этияттык талап кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү