Пифагор теоремасы – геометрияда тик бурчтуу үч бурчтуктардын жактарынын байланышын аныктоочу теорема. Пифагор теоремасынын далилдемеси Пифагорго (б. з. ч. 6-к.) таандык деп эсептелет. Алгачкы жолу теорема тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенуза менен катеттерде түзүлгөн квадраттардын ортосундагы катышты мүнөздөгөн: гипотенузада түзүлгөн квадрат катеттерде түзүлгөн квадраттардын суммасына барабар. Пифагор теоремасы көбүнчө төмөнкүчө окулат: тик бурчтуу үч бурчтукта гипотенузанын квадраты катеттердин квадраттарынын суммасына барабар. Тескери теоремасы: эгерде үч бурчтуктун бир жагынын квадраты калган эки жагынын квадраттарынын суммасына барабар болсо, анда бул үч бурчтук тик бурчтуу болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү